Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Өзөктүк куралга глобалдык чыгымдар рекорддук көрсөткүчкө жетти: Франция бешинчи орунда

2025-жылы дүйнөдө өзөктүк куралга бөлүнгөн каражат рекорддук деңгээлге жетип, 119 миллиард долларга жетти Бул тууралуу 9-июнда өзөктүк куралды жок кылуу боюнча эл аралык кампания (ICAN) жарыялаган докладда айтылат, деп билдирет AZERTAc Докладга ылайык, ядролук куралы бар тогуз мамлекет — АКШ, Ор

0 көрүүazertag.az
Өзөктүк куралга глобалдык чыгымдар рекорддук көрсөткүчкө жетти: Франция бешинчи орунда
Paylaş:

2025-жылы дүйнөдө өзөктүк куралга бөлүнгөн каражат рекорддук деңгээлге жетип, 119 миллиард долларга жетти Бул тууралуу 9-июнда өзөктүк куралды жок кылуу боюнча эл аралык кампания (ICAN) жарыялаган докладда айтылат, деп билдирет AZERTAc Докладга ылайык, ядролук куралы бар тогуз мамлекет — АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия, Франция, Индия, Израил, Пакистан жана Түндүк Корея жалпысынан 119 миллиард долларга жакын каражат жумшашкан, бул өткөн жылга салыштырмалуу 19 пайызга көп Тизмеде АКШ 69,2 миллиард доллар менен чоң айырма менен алдыда. Экинчи орунду 13,5 миллиард доллар менен Кытай, үчүнчү орунду 12,6 миллиард доллар менен Улуу Британия, төртүнчү орунду 9,5 миллиард доллар менен Орусия ээледи. Франция 7,7 миллиард доллар сарптоо менен бешинчи орунда ICAN өзөктүк куралы бар мамлекеттер акыркы беш жылдын ичинде өз арсеналдарына 470 миллиард доллардан ашык инвестиция салганын билдирет. Уюмдун эксперттеринин айтымында, бул тенденция жаңы жана узак мөөнөттүү жарыша куралдануунун башталышынан кабар бериши мүмкүн Докладда АКШ, Великобритания жана Франция жакын арадагы он жылдыктарда ездерунун ядролук системаларын модернизациялоо учун кошумча миллиарддаган долларларды белууну пландаштырып жаткандыгы баса белгиленген ICANдын маалыматы боюнча, бир катар өлкөлөр узак мөөнөттүү модернизациялоо программаларын ишке ашыра башташты. АКШ жаңы Sentinel континенттер аралык баллистикалык ракета системаларын өнүктүрүүгө миллиарддаган долларларды жумшап жатат. Бул ракеталар XXI кылымдын аягынан кийин дагы иштей берет деп күтүлүүдө Мындан тышкары, ядролук дүрмөттөрдүн иштөө мөөнөтүн 2120-жылга чейин узарта ала турган плутоний компоненттерин өндүрүүнү көбөйтүү пландалууда Эксперттердин эсеби боюнча, Кошмо Штаттар 2025-2034-жылдар аралыгында өзүнүн өзөктүк арсеналына 1 триллион долларга жакын каражат жумшашы мүмкүн ICAN өкүлдөрүнүн айтымында, өзөктүк куралга багытталган бул каражаттар социалдык программаларга, саламаттыкты сактоо системасына жана эл аралык гуманитардык долбоорлорго жумшалышы мүмкүн эле. Алар ошондой эле аскердик чыгымдардын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдиришти ICAN программаларынын директору жана отчеттун авторлорунун бири Суси Снайдердин айтымында, 2025-жылы өзөктүк арсеналдарга сарпталган сумма БУУнун 32 жылдык операциялык бюджетин каржылоого жетет. Ал кошумчалагандай, өзөктүк куралга глобалдык бир күндүк чыгым да эки миллиондон ашык адамдын азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алмак Ядролук куралы бар мамлекеттер бул инвестицияларды улуттук коопсуздуктун жана стратегиялык кармануунун ажырагыс бөлүгү катары карашат. Алардын айтымында, азыркы эл аралык коопсуздук чөйрөсү өзөктүк потенциалды сактоо жана модернизациялоо зарылдыгын жаратууда Анткен менен куралсызданууну жактоочулар эл аралык стабилдүүлүктү чыңдоонун ордуна, аскердик чыгымдардын көбөйүшү жаңы жарыша куралданууну тездетип, глобалдык коопсуздук коркунучун күчөтүп, дүйнөнү дагы коркунучтуу фазага түртүшү мүмкүн деп эсептешет 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек

Kaynak: azertag.az

Diğer Haberler