Украиналыктардын Крымдагы көпүрөгө жаңы чабуулу
9-июнга караган түнү украиналык учкучсуз учактар аннексияланган Крымды Херсон облусу менен байланыштырган Чонгарский көпүрөсүнө кол салышкан. Көпүрө бузулуп, андагы кыймыл убактылуу жабылды, деп билдирди Украинанын Херсон облусунун оккупацияланган бөлүгүнүн Орусия тарабынан дайындалган “башчысы” В

9-июнга караган түнү украиналык учкучсуз учактар аннексияланган Крымды Херсон облусу менен байланыштырган Чонгарский көпүрөсүнө кол салышкан. Көпүрө бузулуп, андагы кыймыл убактылуу жабылды, деп билдирди Украинанын Херсон облусунун оккупацияланган бөлүгүнүн Орусия тарабынан дайындалган “башчысы” Владимир Салдо Анын айтымында, абадан коргонуу системалары көпүрөгө жакындаганда 20дан ашык учкучсуз учактарды атып түшүргөн. Кол салууга канча пилотсуз учак тартылганы такталган эмес Буга чейин украин аскерлери Чонгардагы көпүрөгө 7-июнда кол салышкан. Андан кийин коопсуздук максатында Крым менен Херсон облусунун чек арасындагы Жанкой унаа өткөрмө бекети аркылуу кыймыл убактылуу жабылган


