Оштогу жаңы базар кайрадан жаңжалдын чордонунда - директор кармалды
Ош шаарындагы жаны базардын директору Б. кармалды - бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан журналисттер тастыкташты. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал пара алып жаткан жеринен кармалган Жаңы базар бир катар Ош базарларынын ордуна курулган; курулуштун өзү башынан эле чыр-чатактар мен

Ош шаарындагы жаны базардын директору Б. кармалды - бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан журналисттер тастыкташты. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал пара алып жаткан жеринен кармалган Жаңы базар бир катар Ош базарларынын ордуна курулган; курулуштун өзү башынан эле чыр-чатактар менен коштолгон. «Ташиевдин изи: «Келечек» базарын ким жана эмне үчүн басып алууда» деген иликтөөдө Kloop Оштогу жаңы базардын курулушуна Ташиевдердин жакын адамы Замирбек Толубаевдин тиешеси бар экенин жазды Базарлардын чоң миграциясы 2024-жылы Оштун борбордук базарын сел каптаганда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев базарды көчүрүүнү буйруган 2025-жылдын жазында Борбордук базар эле эмес, “Келечек” дагы жаңы базарга көчүрүлөт деген кептер тараган. Май айында Токторбаев жаңы базарга дароо төрт базар – Оштогу “Келечек”, “Бексултан”, “Ким-кечек” жана Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдар базары көчүшү керектигин айткан Ташиевдин санаалаштарынын кызыкчылыгы Соодагерлер жаңы базарга көчкүсү келген жок. Алар жаңы базардагы контейнерлерди тоокканага салыштырышты Ишкерлердин айтымында, аларга жаңы базардан павильондорду алгач чарчы метрин 1 миң доллардан, андан кийин 1 чарчы метрин 1,5 миң доллардан сатып алуу сунушталган. Натыйжада 12 метрлик OSB павильону 18 миң долларды түзөт Бийликке жакын ишкерлер соодагерлерге жаңы павильондорду сатып акча тапкысы келген. Алардын бири Ош шаардык кеңешинин депутаты Искакбек Майлиев Базарда дагы “үч-төрт” инвестор бар, деди Майлиев. Жалгыз аты Замирбек Толубаевди айтат. Бул УКМКнын жетекчиси Шайырбек Ташиевдин бир тууганынын досу жана уулу Элмирбек Кадыршаевдин бизнес өнөктөшү


