Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Европа Биримдигинде миграция жана башпаанек боюнча жаңы пакт күчүнө кирди

— Миграция – бул европалык көйгөй, аны европалык деңгээлде чечүү керек. Чечим эффективдүү, адилеттүү жана катуу болушу керек. Миграция жана башпаанек боюнча пакт дал ушул нерсени камсыз кылат: коопсуз тышкы чек аралар, мүчө мамлекеттердин тилектештиги жана натыйжалуу башпаанек жана кайтаруу процедур

0 көрүүinform.kz
Европа Биримдигинде миграция жана башпаанек боюнча жаңы пакт күчүнө кирди
Paylaş:

— Миграция – бул европалык көйгөй, аны европалык деңгээлде чечүү керек. Чечим эффективдүү, адилеттүү жана катуу болушу керек. Миграция жана башпаанек боюнча пакт дал ушул нерсени камсыз кылат: коопсуз тышкы чек аралар, мүчө мамлекеттердин тилектештиги жана натыйжалуу башпаанек жана кайтаруу процедуралары, - деди Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен 2024-жылы май айында кабыл алынган пакт Евробиримдиктеги миграция жана башпаанек саясатынын комплекстүү реформасын билдирет. Ал эскирген Дублин системасын алмаштырат жана бүткүл Биримдик үчүн бирдиктүү эрежелерди киргизет Жаңы документ Евробиримдиктин тышкы чек араларынан мыйзамсыз өткөн бардык адамдарды милдеттүү түрдө каттоону жана коопсуздукту текшерүүнү, башпаанек сураган арыздарды кароонун чек ара процедураларын тездетүүнү, арыздарды кароо мөөнөттөрүн кыскартууну жана кыянаттык жана кайталанма арыздарга каршы катаал чараларды камтыйт Ал ошондой эле коргоодон баш тарткандарды кайтаруунун натыйжалуу механизмдерин жана мигранттарды кабыл алуу, каржылык чегерүү же оперативдүү жардам аркылуу ЕБ өлкөлөрүнүн тилектештигинин милдеттүү механизмин киргизет Еврокомиссиянын маалыматы боюнча, буга чейин көрүлгөн алдын ала чаралар Евробиримдиктин тышкы чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндөрдүн санын эки жыл мурункуга салыштырмалуу 55% кыскарткан Пакты ишке ашыруу улуттук мыйзамдарды адаптациялоо жана мүчө өлкөлөрдө зарыл инфраструктураны түзүү боюнча олуттуу иштерди талап кылат Бугун Никозияда бул маселе боюнча Евро-падагы елкелердун ички иштер министрлеринин формалдуу эмес конференциясы етуп жатат. Миграция жана башпаанек боюнча пакт Евробиримдиктин акыркы жылдардагы эң маанилүү мыйзам чыгаруу жетишкендиктеринин бири болуп калды жана балансталган, катаал жана гумандуу миграция саясатын түзүүгө багытталган Эске сала кетсек, Казакстан менен ЕБ виза маселеси жана реадмиссия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы этабына өттү

Kaynak: inform.kz

Diğer Haberler