Аба күчтөрүнүн жаңы командачысы: Израил согушка даяр
Израил керек болсо Иранга каршы өзүнүн бардык аскер-аба күчтөрүн колдонууга даяр, деп билдирди Израилдин аскер-аба күчтөрүнүн жаңы командачысы генерал-майор Омер Тишлер Тишлер шейшембиде: «Биз Ирандагы окуяларга кылдат байкоо салып турабыз жана керек болсо бардык аба күчтөрүн чыгышка жылдырууга да

Израил керек болсо Иранга каршы өзүнүн бардык аскер-аба күчтөрүн колдонууга даяр, деп билдирди Израилдин аскер-аба күчтөрүнүн жаңы командачысы генерал-майор Омер Тишлер Тишлер шейшембиде: «Биз Ирандагы окуяларга кылдат байкоо салып турабыз жана керек болсо бардык аба күчтөрүн чыгышка жылдырууга даярбыз», - деди Аскер-аба күчтөрүнүн жаңы командири ошондой эле Израил "душмандарга (өзүнүн) чек араларында бекем орношуна жол бербей турганын" эскертти. Тишлер Израилдин Аскердик Аба күчтөрү чечкиндүү аракеттенүүнү уланта турганын баса белгиледи - "каалаган учурда, каалаган аралыкта жана каалаган душманга каршы" Израилдик басылмалардын маалыматына ылайык, 5-май шейшемби күнү Тель-Ноф авиабазасында Израилдин аба күчтөрүнүн командачысын алмаштыруу аземи болуп өттү. Генерал-майор Томер Бар армияда 39 жылдан кийин кызматын аяктап, кызматын генерал-майор Омер Тишлерге өткөрүп берди


