Неврологиялык оорулуулардын көбөйүшү адистерди тынчсыздандырууда
Казакстанда нерв системасы менен ооругандардын саны өсүүдө. Мисалы, чоңдор арасында Паркинсон оорусу, инсульт жана акыл-эси кемиген бейтаптар көп кездешет. Балдардын арасында талма жана шал оорусу менен жабыркагандардын саны 15 пайызга өскөн. Муну менен кантип күрөшүү керек? Тилекке каршы, акыркы у

Казакстанда нерв системасы менен ооругандардын саны өсүүдө. Мисалы, чоңдор арасында Паркинсон оорусу, инсульт жана акыл-эси кемиген бейтаптар көп кездешет. Балдардын арасында талма жана шал оорусу менен жабыркагандардын саны 15 пайызга өскөн. Муну менен кантип күрөшүү керек? Тилекке каршы, акыркы убакта өлкөдө Паркинсон оорусуна чалдыккандардын саны көбөйдү. Ошондой эле инсульт, эпилепсия, деменция, б.а. унутчаактык майыптуулуктун көбөйүшүнө себеп болот Латина Текебаева, Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы балдар невропатологу: Балдар арасындагы статистика да көңүлдү калтырат. Казакстанда акыркы 3 жылда майыптыкка алып келген оорулардын саны 15% өскөн. 17 000 бала шал болуп, эпилепсия менен ооругандардын саны 24 000ден ашты. Оорунун бул түрү өзгөчө Түркстан, Алматы, Жамбыл облустарында жана Алматы, Шымкент шаарларында көп кездешет Казакстан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен биргеликте неврологиялык ооруларга каршы күрөштү күчөтүүдө. Ал өзүнүн стратегиясына уюмдун 2031-жылга чейинки глобалдык планын киргизген Тарун Дуа, ДСУнун Женевадагы штаб-квартиратынын өкүлү: Адистердин айтымында, эпилепсия менен ооруган адамдардын 70% туура кам көрүү менен алардын абалын толук көзөмөлдөй алат. Бирок кээ бир өлкөлөрдө жана алыскы аймактарда бейтаптардын 75% дагы эле сапаттуу дарыланууга мүмкүнчүлүгү жок Бүгүнкү күндө нерв системасынын оорулары Казакстанды эле эмес, дүйнө өлкөлөрүн тынчсыздандырууда. Мисалы, Европада 549 миллиондон ашык адам неврологиялык оорулар менен жашайт. Бул оорулар жүрөк жана рактан кийинки өлүмдүн негизги себеби болуп саналат. Борбордук жана Чыгыш Европада инсульт коркунучу жогору болсо, Альцгеймер оорусу, б.а. деменция Батыш Европада көбүрөөк кездешет. Айрым маалыматтарга караганда, бул оорулардын экономикалык таасири жүрөк ооруларын, ракты жана диабетти дарылоого кеткен чыгымдан да чоң


