Нетаньяху: Кээде Трамп менен тактикалык пикир келишпестиктерибиз болсо да, Иранга байланыштуу негизги маселелерде макулбуз
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын уранды байытуу программасына байланыштуу маселени дипломатиялык жол менен чече аларына ишенет Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху CNBC телеканалына берген маегинде билдирди Нетаньяху Трамп менен Иранга байланыштуу негизги маселелерде

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын уранды байытуу программасына байланыштуу маселени дипломатиялык жол менен чече аларына ишенет Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху CNBC телеканалына берген маегинде билдирди Нетаньяху Трамп менен Иранга байланыштуу негизги маселелерде бирдей пикирде экенин белгиледи "Трамп уранды байытуу маселесин дипломатиялык кысым жана катаал сүйлөшүүлөр аркылуу чече алат деп эсептейт. Мен ага мүмкүнчүлүк бериш керек деп ойлойм", - деди ал Нетаньяху ошондой эле АКШ менен Израилдин ортосунда тактикалык пикир келишпестиктер мезгил-мезгили менен чыгып жатканын мойнуна алды. Ал бардык пикир келишпестиктерге карабастан, тараптар ар дайым бир пикирге келе аларын баса белгиледи: "Кээде эң жакшы үй-бүлөлөрдөгүдөй тактикалык пикир келишпестиктер болот. Биз ар дайым пикир келишпестиктерди чечүүнүн жолун табабыз" Премьер-министр белгилегендей, тараптар кыска убакытта бирдиктүү позицияга келе алат: «Эртең менен макул болбой калышыбыз мүмкүн, бирок түштөн кийин бирдиктүү кадамга барабыз Нетаньяху Дональд Трамп менен жеке мамилеси өзгөрбөгөнүн баса белгилеп: «Ал мени сыйлайт, мен да аны сыйлайм»,-деди


