Нетаньяху: Иран менен согуш бүтө элек
Ирандын аймагынан өтө байытылган уран чыгарылмайынча Иран менен согуш бүттү деп эсептелбейт Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху CBS News телеканалына берген маегинде билдирди Анын айтымында, Ирандын уран байытуу боюнча ишканалары жоюлуп, өтө байытылган уран өлкөдөн чыгарылуу

Ирандын аймагынан өтө байытылган уран чыгарылмайынча Иран менен согуш бүттү деп эсептелбейт Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху CBS News телеканалына берген маегинде билдирди Анын айтымында, Ирандын уран байытуу боюнча ишканалары жоюлуп, өтө байытылган уран өлкөдөн чыгарылууга тийиш: "Биз буга чейин Ирандын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүнүн көбүн, ошондой эле башка өлкөлөрдөгү прокси күчтөрүн жана ракеталарды чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн алсыратканбыз. Бирок мунун баары дагы эле бар жана жасала турган иштер бар" Израилдин премьер-министри эгер Ирандын өзөктүк материалдары боюнча келишим түзүлбөсө эмне болорун айтуудан баш тартты: "Мен бул боюнча графикти бербейм, бирок бул өтө маанилүү миссия экенин айтам"


