Нетаньяху Илхам Алиевди куттуктады
Израил мамлекетинин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Азербайжандын президенти Илхам Алиевди куттуктады Modern.az сайты билдиргендей, куттуктоодо: «Урматтуу господин президент, кымбаттуу дос Сизди жана Азербайжан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Мен биздин чыныгы достугубузга жана жылда

Израил мамлекетинин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Азербайжандын президенти Илхам Алиевди куттуктады Modern.az сайты билдиргендей, куттуктоодо: «Урматтуу господин президент, кымбаттуу дос Сизди жана Азербайжан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Мен биздин чыныгы достугубузга жана жылдар бою чыцдалып келе жаткан элдерибиздин ортосундагы байланыштарга ыраазымын. Аймактык стабилдүүлүккө салым кошуудагы, тынчтыкты чыңдоодо жана бизди жалпы максаттарыбызга жакындатууда маанилүү ролду ойноп жаткан аракеттериңизди жана экстремизм менен күрөшүүдө чечкиндүүлүгүңүздү жогору баалайм Өлкөңүздүн Израилди уланткан колдоосу, Хамастын 7-октябрдагы жийиркеничтүү чабуулунан кийин тилектештигиңиз жана аймактык коркунучтарга каршы күрөшүңүз үчүн өзгөчө ыраазымын. Бул биздин өкмөттөрүбүздүн жана элдерибиздин ортосундагы ишенимди жана урматтоону ырастайт, ага биздин чыныгы өнөктөштүгүбүз негизделген Мен эки тараптуу мамилелерибиздин жана ар кандай багыттардагы, анын ичинде жасалма интеллект, авиация, туризм, академиялык тармактардагы кызматташуубуздун мындан ары кеңейишине, ошондой эле биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынына үмүттөнөм Сизге, сиздин үй-бүлөңүзгө жана Азербайжан элине мындан да чоң гүлдөп-өнүгүүнү жана ийгиликтерди каалайм”


