Мунайдын баасы 150 доллардан: аналитиктер баанын жаңы өсүшү коркунучу тууралуу эскертишүүдө
Казакстандын Финансычылар Ассоциациясынын аналитиктери Ирандын тегерегиндеги жаңжалдан улам мунайдын кымбатташы АКШдагы инфляцияны тездетип, дүйнөлүк экономикага басымды кыйла күчөтүшү мүмкүн деп болжолдошууда, деп жазат Orda.kz Эксперттер АКШдагы апрель айындагы инфляциянын статистикасы кымбат му

Казакстандын Финансычылар Ассоциациясынын аналитиктери Ирандын тегерегиндеги жаңжалдан улам мунайдын кымбатташы АКШдагы инфляцияны тездетип, дүйнөлүк экономикага басымды кыйла күчөтүшү мүмкүн деп болжолдошууда, деп жазат Orda.kz Эксперттер АКШдагы апрель айындагы инфляциянын статистикасы кымбат мунай экономикадагы баалардын өсүшүнө түздөн-түз таасир эте баштаганынын биринчи белгиси болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө Аналитиктер АКШда жылдык инфляция бир ай мурунку 3,3%га каршы 3,8% га чейин тездейт деп күтүшөт. Анын себептеринин бири – Ормуз кысыгынын тегерегиндеги чыңалуудан улам күйүүчү майдын кымбатташы Мунай рыногунда баалар баррелине 100 доллардан жогору бойдон калууда. 12-май күнү эртең менен Brent мунайынын баррели АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнөн байкаларлык жылыш болбогондон кийин 105,1 доллардан сатылууда Морган Стэнли базар азыр Бренттин ушул жайда бир баррелине 150 долларга чейин көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн убакыт менен жарышып жатат деп эсептейт Мунун фонунда инвесторлор коргоочу активдерге өтүүнү улантууда. Алтындын унциясы 4 миң 777 долларга кымбаттады Буга чейин Казакстан чийки затты кайра иштетүүдөн түшкөн пайданы кантип көбөйтүүнү каалап жатканы тууралуу жазганбыз


