Иран менен сүйлөшүүлөрдө АКШ делегациясынын ыктымал курамы аталды
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы жакынкы күндөрү Иран менен мүмкүн болгон көзмө-көз сүйлөшүүлөргө даярданып жатат, ага АКШнын вице-президенти Ж.Д.Вэнс, АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Виткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер катышат. Бул тууралуу CNN америкалык аткаминерлер

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы жакынкы күндөрү Иран менен мүмкүн болгон көзмө-көз сүйлөшүүлөргө даярданып жатат, ага АКШнын вице-президенти Ж.Д.Вэнс, АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Виткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер катышат. Бул тууралуу CNN америкалык аткаминерлерге шилтеме берүү менен билдирди Сүйлөшүүлөр эки жумалык элдешүү фонунда өтөт Маалымат булактарынын айтымында, жолугушуу Пакистан тараптын ортомчулугу менен Исламабадда өтүшү мүмкүн. Ак үй бул формат боюнча талкуу жүрүп жатканын, бирок акыркы чечим кабыл алына электигин жана өзүнчө жарыялана турганын тактады Буга чейин Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеши АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү 10-апрелде Исламабадда өтөөрүн билдирген CNN булактары Вашингтон менен Тегерандын ортосунда убактылуу ок атышпоо келишиминен кийин жолугушуу мүмкүнчүлүгүнүн көбөйгөнүн баса белгиледи


