Пробация департаментине жаңы директор дайындалды
Кыргызстандын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин жамаатына жаңы жетекчи тааныштырылды. Пробация департаментинин директору болуп Романов Руслан Жээнбаевич дайындалды Тиешелүү буйрукка 2026-жылдын 2-июнунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон 2026-жылд

Кыргызстандын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин жамаатына жаңы жетекчи тааныштырылды. Пробация департаментинин директору болуп Романов Руслан Жээнбаевич дайындалды Тиешелүү буйрукка 2026-жылдын 2-июнунда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон 2026-жылдын 3-июнунда юстиция министринин биринчи орун басары Сайра Ызакова Пробация башкармалыгынын кызматкерлерине жаңы директорду расмий тааныштырды Руслан Жээнбаевичтин пробация жана мамлекеттик кызмат тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар. Пробация башкармалыгынын бухгалтердик эсеп жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүрүп, пробация органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган бир катар маанилүү реформаларды ишке ашырууга активдүү катышкан. Тактап айтканда, анын жетекчилиги астында электрондук башкаруу системасын киргизүү боюнча иштер жүргүзүлдү Кийин Романов Руслан Жээнбаевич эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратында улантып, пробация жана соттук-эксперттик ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү саясат башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси класстык чини ыйгарылган Бет ачардын жүрүшүндө юстиция министринин орун басары жаңы жетекчиге мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, анын кесиптик тажрыйбасы пробация мекемесинин мындан аркы өнүгүшүнө жана пробация органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга салым кошоруна ишенимин билдирди Ошондой эле, буга чейин Пробация башкармалыгын жетектеп келген Данияр Алпайызович Калматов КР юстиция министринин орун басары болуп дайындалып, пробация мекемесинин өнүгүшүнө зор салым кошкондугу белгиленген, деп билдирет Пробация башкармалыгы


