Министр: Карабах менен Чыгыш Зангезурду өнүктүрүү Азербайжандын артыкчылыктуу багыттарынын бири
Биз Карабах жана Чыгыш Зангезур экономикалык райондорун енуктурууге зор кецул бурабыз. Бул аймактарды бошотуу жана кайра куруу, ички жер которгондордун өз мекенине кайтып келиши үчүн шарттарды түзүү элибиз үчүн улуттук идея Бул тууралуу экономика министри Микайыл Жаббаров Ислам өнүктүрүү банкынын

Биз Карабах жана Чыгыш Зангезур экономикалык райондорун енуктурууге зор кецул бурабыз. Бул аймактарды бошотуу жана кайра куруу, ички жер которгондордун өз мекенине кайтып келиши үчүн шарттарды түзүү элибиз үчүн улуттук идея Бул тууралуу экономика министри Микайыл Жаббаров Ислам өнүктүрүү банкынын Бакуда өтүп жаткан жылдык жыйынынын алкагындагы «Азербайжандын инвестициялык келечеги форумунда» билдирди, деп маалымдайт «APA-Economics» "Биз Ислам өнүктүрүү банкы Карабактагы ирригациялык каналды реконструкциялоо үчүн атайын кредиттик линияны бөлгөн биринчи эл аралык каржы институту болгонун кубануу менен белгилейбиз. Бул биздин өнөктөштүгүбүздүн бекемдигинин дагы бир көрсөткүчү жана биз бул колдоону жогору баалайбыз" Ал ошондой эле өкмөт тарабынан бошотулган аймактарда кеңири салыктык жеңилдиктер, заманбап инфраструктура жана мамлекеттик колдоолор менен инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын билдирди. Учурда ал аймактарда эки ири индустриалдык парк иштейт: "Ушундай эле жеңилдетилген логистикалык режим Нахчыван автономиясында да колдонулат. Бул аймак Азербайжандын бир эле учурда Түркия, Иран Ислам Республикасы жана Армения менен чектеш аймагы болуп саналат"


