НАТОнун аймагына түшкөн дрон орусиялыкпы?
Латвиянын Резекне шаарында жайгашкан мунай базасынын аймагына учкучсуз учуучу аппарат кулап түштү Бул тууралуу Латвиянын мамлекеттик полициясы маалымат таратты, деп билдирет Modern.az Маалыматка ылайык, учкучсуз учактардын бири мунай базасынын аймагына түшкөнү тастыкталып, экинчи учкучсуз учакты и

Латвиянын Резекне шаарында жайгашкан мунай базасынын аймагына учкучсуз учуучу аппарат кулап түштү Бул тууралуу Латвиянын мамлекеттик полициясы маалымат таратты, деп билдирет Modern.az Маалыматка ылайык, учкучсуз учактардын бири мунай базасынын аймагына түшкөнү тастыкталып, экинчи учкучсуз учакты издөө иштери уланууда. Үчүнчү учкучсуз учак Латвиянын аба мейкиндигинен чыгып кеткени кабарланууда Латвиянын Коргоо министри Андрис Спрудс, алгачкы ыктымалдык боюнча кеп украин тараптын Орусиядагы буталарга багытталган учкучсуз учактар тууралуу болуп жатканын айтты. Министр бул версия азырынча тастыктала электигин, иликтөө иштери жүрүп жатканын баса белгиледи Аймактык кеңештин төрагасы Гунтарс Скудра LETA агенттигине берген билдирүүсүндө дрондордун бири “Чыгыш-Батыш Транзит” компаниясынын Резекне филиалынын аймагына түшкөнүн тастыктады Маалыматка ылайык, учкучсуз учак мунайдын бош турган резервуарына кулаган. Окуянын кесепетинен жабыркагандар жана олуттуу кыйроолор катталган жок


