Наталья Никитенко ЛККдагы Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборун жетектеген
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Наталья Никитенко Жогорку Кеңешке караштуу “Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кол койду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билд

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Наталья Никитенко Жогорку Кеңешке караштуу “Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кол койду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди Наталья Никитенко - мыйзам чыгаруу жана эксперттик иштерде чоң тажрыйбасы бар белгилүү кыргыз саясатчы жана коомдук ишмер Жаңы иш орду тууралуу: Жогорку Кеңешке караштуу “Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемеси парламенттин ишмердүүлүгүн изилдөө, эксперттик-аналитикалык жана агартуучулук жактан камсыз кылуу менен алектенет. Мекеменин милдеттерине демократиялык институттарды чыңдоого көмөк көрсөтүү, мыйзам чыгаруу практикасына талдоо жүргүзүү жана Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу кирет


