Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Наталья Никитенко Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборунун директору болуп дайындалды

Бишкек (АКИpress) – Наталья Никитенко Жогорку Кеңешке караштуу «Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды Тиешелүү буйрукка парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев кол койду Никитенко V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болго

0 көрүүakipress.org
Наталья Никитенко Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борборунун директору болуп дайындалды
Paylaş:

Бишкек (АКИpress) – Наталья Никитенко Жогорку Кеңешке караштуу «Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды Тиешелүү буйрукка парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев кол койду Никитенко V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон Жогорку Кеңеш 3-июнда Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу “Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесин түзүү тууралуу токтом кабыл алды Токтомго ылайык, институт парламентти институционалдык өнүктүрүү, стратегиялык жана концептуалдык документтерди даярдоо жана ишке ашыруу, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн эксперттик жана аналитикалык камсыздоо, ошондой эле депутаттардын жана парламент кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу үчүн түзүлдү Борбор жөнүндө жободо анын негизги милдеттери Жогорку Кеңештин ишин стратегиялык пландаштыруу, парламентти өнүктүрүү программаларынын аткарылышына мониторинг жана баа берүү, депутаттык корпустун жана аппараттын потенциалын чыңдоо, ошондой эле парламентаризмди өнүктүрүү боюнча маалыматтык-аналитикалык камсыздоо болору айтылат Борбор парламентаризм институтун өркүндөтүү боюнча аналитикалык материалдарды жана сунуштарды даярдайт, социалдык маанилүү маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт, депутаттар жана кызматкерлер үчүн конференцияларды, тегерек столдорду, семинарларды жана тренингдерди уюштурат, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк парламенттер, университеттер жана илимий мекемелер менен өз ара аракеттенет Мекеме парламентти өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн каражаттарды издөө жана тартуу, Жогорку Кеңештин төрагасынын жылдык отчетторун даярдоо, ошондой эле төраганын алдындагы коомдук консультациялык кеңештердин ишин камсыз кылуу Бекитилген түзүмгө ылайык, борбордо директор жана анын орун басары, парламентаризм институтун өнүктүрүү сектору жана Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы коомдук консультациялык кеңештердин ишин камсыз кылуу сектору түзүлөт. Ошондой эле төрт эксперттик орун бар Борбордун директору парламенттин аппарат жетекчисинин сунушу боюнча аппараттын кызматкерлеринин ичинен Жогорку Кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат. Мекеменин кызматкерлери мамлекеттик кызматкер болбойт. Алардын эмгегине акы төлөө келишимдик негизде эл аралык уюмдардын жана парламентти өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт

Diğer Haberler