НАСА "Артемида-3" миссиясынын экипажын жарыялады
НАСА "Артемида-3" космостук миссиясынын экипажын жарыялады. Миссияда төрт адамдан турган экипаж болот жана анын курамына Европа космостук агенттигинин астронавты кирет Бул тууралуу АКШнын улуттук аэронавтика жана космостук башкармалыгынын (НАСА) башчысы Жаред Айзекман билдирди Миссиянын командири

НАСА "Артемида-3" космостук миссиясынын экипажын жарыялады. Миссияда төрт адамдан турган экипаж болот жана анын курамына Европа космостук агенттигинин астронавты кирет Бул тууралуу АКШнын улуттук аэронавтика жана космостук башкармалыгынын (НАСА) башчысы Жаред Айзекман билдирди Миссиянын командири болуп америкалык астронавт Рэнди Брезник дайындалды. Италиялык астронавт Лука Пармитано учкуч болот. Америкалыктар Фрэнк Рубио жана Андре Дуглас миссиянын адистери катары иштешет. Резервдик экипаждын мүчөсү Боб Хейнс болот НАСАнын жетекчисинин айтымында, "Артемида-2" миссиясынан айырмаланып, "Артемида-3" Жердин орбитасында аткарылат жана бир эле программанын алкагында Айдагы миссиялар үчүн бир нече ракетанын колдонулушун сынап көрүүнү максат кылат Айзекман: «Артемис-3 миссиясын бир нече учуруунун координациясын жакшыртуу жана ар кандай системалардын шайкештигин текшерүү үчүн колдонобуз», - деди Маалыматка ылайык, миссияда "SpaceX" жана "Blue Origin" компанияларынын ташуучу ракеталары колдонулат


