КР Салык кызматы: Коомдук тамактануу тармагына ФПОну киргизүү салыктык түшүүлөрдүн 60%га көбөйгөнүн көрсөттү
Мамлекеттик салык кызматы коомдук тамактануу тармагында маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоордун учурдагы жыйынтыктары тууралуу билдирди 2026-жылдын январь-май айлары үчүн пилоттук долбоордун катышуучуларынан түшкөн салыктын көлө

Мамлекеттик салык кызматы коомдук тамактануу тармагында маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоордун учурдагы жыйынтыктары тууралуу билдирди 2026-жылдын январь-май айлары үчүн пилоттук долбоордун катышуучуларынан түшкөн салыктын көлөмү 1 миллиард 536,7 миллион сомду түздү. Бул пилоттук долбоор башталганга чейинки 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 615,5 миллион сомго же 60 пайызга жогору Оң динамиканы орточо айлык салыктык түшүүлөрдүн өсүшү да тастыктайт. ФПОго кошулганга чейин орточо айлык киреше 184,2 миллион сомду түзгөн; ФПО киргизилгенден кийин бул көрсөткүч 307,3 млн сомго чейин өскөн. Ал эми өсүү темпи 166,8 пайызды түздү Салыктык түшүүлөрдүн өсүшү ишкердик субъекттеринин ишинин ачыктыгын жогорулатуу, накталай төлөмдөрдү эсепке алуунун толуктугун камсыз кылуу, ошондой эле коомдук тамактануу тармагында көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу менен шартталган Алынган жыйынтыктар ФПОну киргизүү мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө, бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзүүгө жана салык тартибин жогорулатууга жардам берерин тастыктайт, деп белгилейт Салык кызматы


