Ормуз үчүн жаза: Европа Иранга каршы санкцияларды киргизет
Европа Биримдиги Ирандын жеке жана юридикалык жактарына Ормуз кысыгынын жабылышына байланыштуу аракеттери үчүн санкцияларды киргизди. Иран навигация эркиндиги жаатында Евробиримдиктин жаңы санкциялык режимине кабылган биринчи өлкө болду. Бул тууралуу биримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты б

Европа Биримдиги Ирандын жеке жана юридикалык жактарына Ормуз кысыгынын жабылышына байланыштуу аракеттери үчүн санкцияларды киргизди. Иран навигация эркиндиги жаатында Евробиримдиктин жаңы санкциялык режимине кабылган биринчи өлкө болду. Бул тууралуу биримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас Евробиримдиктин коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин бейформал жолугушуусунун жыйынтыгында билдирди "Бүгүн Брюсселде Евробиримдикке мүчө мамлекеттер Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө тоскоолдук кылган ирандык адамдарга жана уюмдарга каршы санкцияларды бекитти. Ошол эле учурда ЕБ биринчи жолу навигация эркиндиги жаатында өзүнүн жаңы санкциялык режимин колдонду", - деди Каллас Анын айтымында, Евробиримдиктин коргоо министрлери Ирандын Ормуз кысыгындагы аракеттерин «кабыл алынгыс» деп эсептешти Каллас кошумчалагандай, Вашингтон менен Тегеран Ормуз кысыгын ачуу үчүн жаңжалды дипломатиялык жол менен чечиши керек


