Еревандын умуту
Армениянын вице-премьер-министри Мер Григорян армян-орус мамилесиндеги келишпестиктер “ачык диалог аркылуу ийгиликтүү жоюлат” деген үмүтүн билдирди. Бул тууралуу Григорян Орусиянын Армениядагы элчилигинин Россия күнүнө карата кабыл алуусунда билдирди «Биз болгон маселелер жана пикир келишпестиктер

Армениянын вице-премьер-министри Мер Григорян армян-орус мамилесиндеги келишпестиктер “ачык диалог аркылуу ийгиликтүү жоюлат” деген үмүтүн билдирди. Бул тууралуу Григорян Орусиянын Армениядагы элчилигинин Россия күнүнө карата кабыл алуусунда билдирди «Биз болгон маселелер жана пикир келишпестиктер ачык диалог аркылуу ийгиликтүү жеңип, Армения Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы мамилелер мамлекеттерибиздин жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өз ара түшүнүшүү, өз ара урматтоо жана жакшы коңшулаштык рухунда мындан ары да өнүгөт деген ишенимибизди билдиребиз», - деди Григорян Анын айтымында, «Армения менен Россияны көп кылымдык тарыхый мамилелер байланыштырып турат... Биз кызматташуубуздун тарыхын жогору баалайбыз жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы өнүгүшү эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берип, аймактагы стабилдүүлүк менен гүлдөп-өнүгүүнү чыңдоого көмөктөшөөрүнө ишенебиз»


