Бишкектеги Борбордук мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борбордун базасында шаардык вакцина кампасынын курулушу башталды
Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун базасында заманбап шаардык вакцина кампасынын курулушу башталды Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Республикалык иммунопрофилактика борборунун (РКИ), Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун

Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун базасында заманбап шаардык вакцина кампасынын курулушу башталды Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Республикалык иммунопрофилактика борборунун (РКИ), Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) жана Вакциналар жана Иммунизация боюнча Глобалдык Альянстын (GAVI) колдоосу менен ишке ашырылууда. Эл аралык өнөктөштөр вакциналарды логистика жана сактоо чөйрөсүндө заманбап чечимдерди ишке ашырууну камтыган финансылык жана техникалык колдоо көрсөтөт Вакцина кампасын түзүү борбордун иммунизациялоо системасын чыңдоого, вакциналарды ишенимдүү сактоону жана натыйжалуу бөлүштүрүүнү камсыз кылууга багытталган Жаңы кампа вакциналарды сактоонун эл аралык стандарттарына шайкеш келүүнү камсыздайт, Бишкек шаарында муздак чынжыр системасын бекемдейт, медициналык уюмдарды вакцина менен камсыздоонун натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат жана саламаттыкты сактоо системасынын эпидемиологиялык чакырыктарга даярдыгын күчөтөт


