Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргыз Республикасынын түштүгүндө курулуш материалдарын өндүрүү боюнча инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда -

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Баткен жана Ош облустарындагы бир катар объектилерде болушту Жумушчу сапардын алкагында «Асыл Холдинг» ЖЧКсынын Кызыл-Кыя шаарындагы кургак курулуш аралашмаларын өндүрүү долб

0 көрүү24.kg
Кыргыз Республикасынын түштүгүндө курулуш материалдарын өндүрүү боюнча инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда -
Paylaş:

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Баткен жана Ош облустарындагы бир катар объектилерде болушту Жумушчу сапардын алкагында «Асыл Холдинг» ЖЧКсынын Кызыл-Кыя шаарындагы кургак курулуш аралашмаларын өндүрүү долбоору менен таанышты. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 60-70 тоннага чейин продукцияны түзөт Улуттук агенттиктин өкүлдөрү ошондой эле «Чыгыш курулуш материалдары» ЖЧКсынын Ноокат районунун Алмалык айылында кыш заводун куруу боюнча инвестициялык долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Ишкананы жайгаштыруу үчүн 9 гектар жер тилкеси бөлүнүп, өнөр жай багытындагы жер категориясына которулган. Тике инвестициянын жалпы көлөмү 6,5 миллион долларды түзөт жана жеке инвесторлор тарабынан каржыланат Заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 20—30 миллион кирпичти тузет. Учурда негизги жабдуулар толугу менен алынып келинип, монтаждоо иштери жүрүп жатат. Кирпич цехинин курулушу аяктады Жерине баруунун жыйынтыгында аталган долбоорлорду ишке ашыруу облустун өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди Мындан тышкары, Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров Ош шаарындагы бир катар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк объектилерин кыдырды Жумушчу сапарынын жүрүшүндө ал Ош облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имараты – азыркы учурдагы мамлекеттик жана санитардык талаптарга жооп берген заманбап беш кабаттуу административдик имараттын курулушунун жүрүшү менен таанышты. МЖӨ келишимине 2024-жылдын 18-мартында 47 жылга кол коюлган. Жалпы инвестициянын көлөмү 228 миллион сомду түзөт Равшанбек Сабиров ошондой эле түштүк борбордогу «Дельфин» балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин базасында заманбап ден соолукту чыңдоочу комплексти куруу жана бассейнди реконструкциялоо боюнча МЖӨ долбоорунун алкагында түзүлгөн «Булак» спорттук-эс алуу комплексинде болду Долбоор Ош шаардык мэриясынын жана «Дем-Аль ден соолук комплекси» ЖЧКсынын катышуусунда ишке ашырылган. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине 2024-жылдын 19-июлунда 25 жылга кол коюлган. Жалпы инвестициянын көлөмү 95 миллион сомду түздү Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси 2025-жылдын 5-октябрында пайдаланууга берилген. Долбоор спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жайылтууга, дене тарбия жана спорт менен машыгууга шарттарды түзүүгө, ошондой эле түштүк борбордун жана анын айланасындагы райондордун жашоочулары үчүн спорттук базалардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler