Майлуу-Суудагы лампа заводун калыбына келтирүүгө 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн
«Майлуу-Суу лампа заводу» ААКнын ишин жандандыруу жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо үчүн 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу президенттин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев көчмө жыйын учурунда билдирди, деп маалымдайт министрлер кабинетинин басма
«Майлуу-Суу лампа заводу» ААКнын ишин жандандыруу жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоо үчүн 2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу президенттин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев көчмө жыйын учурунда билдирди, деп маалымдайт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Төрөбаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын башында президенттин буйругу менен ишкананы оперативдүү каржылык жактан камсыздоого 116,9 млн сом бөлүнгөн. Бул каражаттар жумушчулардын эмгек акы боюнча карыздарын толугу менен жабууга, ошондой эле кыскартылган кызматкерлерге керектүү жеңилдиктерди төлөөгө мүмкүндүк берди Учурда заводдо инфраструктураны масштабдуу модернизациялоо, эскирген инженердик тармактарды реконструкциялоо жана аларды заманбап техникалык талаптарга ылайык келтирүү боюнча даярдыктар көрүлүүдө. Ошол эле учурда өнөр жай объектинин кеңири аймагынын базасында индустриалдык паркты түзүү жана өнүктүрүү долбоору ишке ашырылууда Майлуу-Суу лампа заводунун ишин жандандыруу түштүк аймактын өнөр жай потенциалын калыбына келтирүү үчүн стратегиялык мааниге ээ

