Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Торугарт-1 көмүр кенинде көмүрдү тазалоо жана байытуу боюнча заманбап жабдуулар ишке киргизилди

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Торугарт-1 көмүр кенинде ири өндүрүш долбоору өнүгүүнүн жаңы этабына өттү. «Дун-Сен» Эл аралык соода-энергетикалык компаниясы» ЖЧКсы менен «Кыргызкөмүр» ААК биргелешкен долбоорунун алкагында көмүрдү тазалоо жана байытуу боюнча заманбап жабдуулар расмий түрдө ишке

0 көрүүknews.kg
Торугарт-1 көмүр кенинде көмүрдү тазалоо жана байытуу боюнча заманбап жабдуулар ишке киргизилди
Paylaş:

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Торугарт-1 көмүр кенинде ири өндүрүш долбоору өнүгүүнүн жаңы этабына өттү. «Дун-Сен» Эл аралык соода-энергетикалык компаниясы» ЖЧКсы менен «Кыргызкөмүр» ААК биргелешкен долбоорунун алкагында көмүрдү тазалоо жана байытуу боюнча заманбап жабдуулар расмий түрдө ишке берилди, деп билдирет Кыргызстандын Энергетика министрлиги Ишке киргизүү аземине Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев катышып, долбоордун өлкөнүн көмүр тармагын өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи "Мындай өндүрүштү ишке киргизүү энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички рынокту сапаттуу көмүр менен камсыздоо жана аймактарды өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Мамлекет менен инвесторлордун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү энергетика тармагында гана эмес, тоо-кен тармагында да оң натыйжаларды алып келүүдө", - деп баса белгиледи министр Таалайбек Ибраев Жацы жаб-дууларды ишке киргизуунун аркасында казылып алынган кемурдун сапаты жогорулап, кошулмалары азаят. Заманбап технологиялар өндүрүштүн экологиялык коопсуздугун да камсыз кылат жана айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтат 2025-жылдын 13-майында Торугарт-1 кенин иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө келишимге кол коюлуп, кыска мөөнөттүн ичинде геологиялык чалгындоо жана өндүрүштүк иштердин долбоорлору даярдалып, мамлекеттик экспертизалар ийгиликтүү аяктап, бардык керектүү уруксаат кагаздары алынып, жер тилкелери жана лицензиялык маселелер толугу менен чечилген. Мындан тышкары бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча долбоор иштелип чыккан 54 гектар аянтта жүргүзүлгөн геологиялык деталдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен мамлекеттик баланска 423,4 миң тонна көмүр запасы киргизилген. Учурда кенде ачык жол менен көмүр казуу иштери жүрүп жатат. Долбоор 2025-жылы 20 миң тоннадан ашык, ал эми 2026-жылы 100 миң тоннадан ашык көмүр өндүрүүнү пландаштырууда. Долбоорго тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 2 миллион АКШ долларын түздү. Долбоордун жыйынтыгында 50 жаңы жумуш орундары түзүлүп, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизип, ички рынокту ата мекендик көмүр менен камсыздоого көмөктөшүүдө «Донг-Сенг эл аралык соода жана энергетикалык компания» ЖЧКсынын жетекчиси Ся Хайдун долбоорду ишке ашырууда көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирди "Бул долбоор биз үчүн чоң мааниге ээ. Биз Кыргыз Республикасынын жетекчилигине, Энергетика министрлигине жана "Кыргызкөмүр" ААКсына көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Биз мындан ары өндүрүштү кеңейтүүгө жана узак мөөнөттүү кызматташууну улантууга даярбыз", - деди Ся Хайдунг «Кыргызкөмүр» ААКтын активдүү колдоосу өзгөчө белгиленип, анын аркасында уюштуруучулук жана техникалык маселелер ыкчам жана натыйжалуу чечилди

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler