Сумсар-Шекафтар унаа жолунда болгон селдин кесепеттери жоюлууда
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Сумсар-Шекафтар унаа жолунда болгон селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын Транспорт министрлиги билдирди Сел 11-июнь күнү катуу жааган жамгырдан кийин – саат 18:00-19:00 чамасында болгон. 8-чакырымдан 10-чакырымга чейинки аралыктагы сел жол жээктерин

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Сумсар-Шекафтар унаа жолунда болгон селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын Транспорт министрлиги билдирди Сел 11-июнь күнү катуу жааган жамгырдан кийин – саат 18:00-19:00 чамасында болгон. 8-чакырымдан 10-чакырымга чейинки аралыктагы сел жол жээктерин жууп, 2х2 метр өлчөмүндөгү суу өткөргүчтү да жарактан чыгарган Жумушчулар жол жээктерин тазалап, бузулган жол элементтерин калыбына келтиришүүдө Кыргызстандагы негизги экономикалык жаңылыктарга көз салыңыз - Telegram жана WhatsApp тармактарындагы Economist.kg каналдарына жазылыңыз. Биз ошондой эле Facebook, Instagram, Threads жана X тармактарындабыз. Бизге кошулуңуз жана ар дайым эң маанилүү нерселерден кабардар болуңуз!


