«Теплые ключи» санаторийинин аймагында 20 бак мыйзамсыз кыйылды (сүрөт)
Аламудун кичи ГЭСинин курулушунда «Теплые ключи» санаторийинин аймагындагы 20 бак мыйзамсыз кыйылган. Бул тууралуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгы билдирди Ведомстводон билдиришкендей, ишти «Белен Групп» жабык акционердик

Аламудун кичи ГЭСинин курулушунда «Теплые ключи» санаторийинин аймагындагы 20 бак мыйзамсыз кыйылган. Бул тууралуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгы билдирди Ведомстводон билдиришкендей, ишти «Белен Групп» жабык акционердик коому жүргүзгөн. Айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын суммасы 152 миң 208 сомду түздү «Келтирилген зыяндын көлөмү компания тарабынан ыктыярдуу жана толук көлөмдө мамлекеттин кирешесине чегерилген жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын орду толтурулат», — деп айтылат билдирүүдө Ал эми азыр бул курулуш иштери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген уруксат жана уруксат берүүчү документтердин негизинде жүргүзүлүүдө. Бул долбоор үчүн шаар куруу корутундусу, жер участогун пайдаланууга келишим, техникалык шарттар, курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтер, ошондой эле объектти тиешелүү реестрге киргизүү жөнүндө документтер көрсөтүлөт
Diğer Haberler

Казакстан С5+1 форматында маданий кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жаңы демилгелерди сунуштады
