Кемин районунда канаттуулар фабрикасын курууга 1,7 миллиард сом бөлүнөт
12-майда Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров менен «Агро Куш» компаниясынын директору Аскат Абдрахманов инвестициялык келишимге кол коюшту. Долбоор Чүй облусунун Кемин районундагы канаттуулар комплексин кеңейтүүнү карайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди

12-майда Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров менен «Агро Куш» компаниясынын директору Аскат Абдрахманов инвестициялык келишимге кол коюшту. Долбоор Чүй облусунун Кемин районундагы канаттуулар комплексин кеңейтүүнү карайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди Келишимдин алкагында эки жаңы жерге 24 канаттуулар сарайы курулат. Ошондой эле райондо кубаттуулугу саатына 30 тонна канаттуулар үчүн аралаш тоют чыгаруучу завод курулат Кыргызстандагы негизги экономикалык жаңылыктарга көз салыңыз - Telegram жана WhatsApp тармактарындагы Economist.kg каналдарына жазылыңыз. Биз ошондой эле Facebook, Instagram, Threads жана X тармактарындабыз. Бизге кошулуңуз жана ар дайым эң маанилүү нерселерден кабардар болуңуз!


