Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Эмгек министрлигинде өткөн жыйында Орусияга кирүүнүн жаңы эрежелери, жаңы жөлөк пул жана балдардын жайкы эс алуусу талкууланды

Бишкек (АКИpress) – Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Канат Сагынбаев 8-июнда аппараттык жыйын өткөрдү Жыйындын жүрүшүндө 3 маселе – 3 жашка чейинки балдар үчүн жаңы «Бала Ырысы» жөлөкпулу, балдарды жайкы лагерлерге жөнөтүү, ошондой эле Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери талкууланды М

0 көрүүakipress.org
Эмгек министрлигинде өткөн жыйында Орусияга кирүүнүн жаңы эрежелери, жаңы жөлөк пул жана балдардын жайкы эс алуусу талкууланды
Paylaş:

Бишкек (АКИpress) – Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Канат Сагынбаев 8-июнда аппараттык жыйын өткөрдү Жыйындын жүрүшүндө 3 маселе – 3 жашка чейинки балдар үчүн жаңы «Бала Ырысы» жөлөкпулу, балдарды жайкы лагерлерге жөнөтүү, ошондой эле Россияга кирүүнүн жаңы эрежелери талкууланды Министрликтин өкүлү Аида Ажыходжоеванын айтымында, 440 миңден ашык бала «Бала ырысы» алаары күтүлүүдө. Балдар Кыргызстандын жараны болуп, ата-энеси менен жашашы керек. 1-июлдан тарта документтер Тундук арызы аркылуу кабыл алынат. Эмгек министрлигинин аймактардагы бөлүмдөрүнө да кайрылсаңыздар болот. Ай сайын төлөнүүчү сумма 1200 сомдон башталат Сагынбаев ошондой эле Эмгек министрлиги жыл сайын 1000ге жакын баланы жайкы эс алуусун уюштуруп жатканын билдирди. Бул максаттарга 15 миллион сом белунген. Биринчи агымды Ысык-Көлгө жөнөтүү 10-июнда башталат Эмгек министрлигинин Балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Гүлмира Окоева «Алтын балалык» реабилитациялык борборуна аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жетим балдар жана фостердик үй-бүлөдө тарбияланып жаткан балдар жөнөтүлүп жатканын билдирди «Кезек бар, абитуриенттер көп, ошондуктан жыл сайын ар кандай балдар барышат.Мисалы, былтыркы жылы эс алган балдар быйыл барбай жатышат», - деди ал Окоева «Алтын Балалык» реабилитациялык борборунда быйыл 800 бала эс ала турганын билдирди. Биринчи партия 10-июнда жөнөйт – 375 бала Эмгек министрлигинин башчысы Сагынбаев балдардын жайкы эс алуусун уюштурууда балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну тапшырды Жыйында 1-июлдан тарта Орусияга кирүүнүн жаңы эрежелери талкууланып, учурда жарандарга маалымат берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтылды

Diğer Haberler