Соң-Көлдө 2 чакырымга жакын мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынды
Инспекторлор Соң-Көлдөгү экологиялык рейд учурунда мыйзамсыз орнотулган 2 чакырымга жакын синтетикалык балык уулоочу торлорду таап, алып кетишти. Эски шаймандар сууда көпкө калып, көлдүн экосистемасына зыян келтиргенин Жаратылыш ресурстар министрлиги билдирди Суу аймагын тазалоо иштерин Жаратылыш

Инспекторлор Соң-Көлдөгү экологиялык рейд учурунда мыйзамсыз орнотулган 2 чакырымга жакын синтетикалык балык уулоочу торлорду таап, алып кетишти. Эски шаймандар сууда көпкө калып, көлдүн экосистемасына зыян келтиргенин Жаратылыш ресурстар министрлиги билдирди Суу аймагын тазалоо иштерин Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык-техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүштү Бир күн мурун ушундай эле текшерүү учурунда ошол эле көлдөн 2,5 чакырымдай браконьерлик торлор алынган Суу сактагычты текшерүү жана тазалоо мамлекет башчысынын “Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө өнөр жайлык балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Бул документ көлдүн уникалдуу экосистемаларын сактоого жана балыктардын популяциясын калыбына келтирүүгө багытталган


