Сел жана жер титирөө болгон учурда. Министрлер кабинети жаңы финансылык стратегияны бекитти -
Кыргызстан жер титирөө, сел, жер көчкү жана башка табигый кырсыктар учурунда каржылык резервдерди алдын ала даярдайт. Министрлер кабинети табигый кырсыктардын тобокелдигин каржылоонун жылдарга стратегиясын бекитти Документ мамлекетке өзгөчө кырдаалдарга тезирээк аракеттенүүгө жана ири табигый кырсы

Кыргызстан жер титирөө, сел, жер көчкү жана башка табигый кырсыктар учурунда каржылык резервдерди алдын ала даярдайт. Министрлер кабинети табигый кырсыктардын тобокелдигин каржылоонун жылдарга стратегиясын бекитти Документ мамлекетке өзгөчө кырдаалдарга тезирээк аракеттенүүгө жана ири табигый кырсыктардан кийин бюджетке түшкөн жүктү азайтууга жардам бериши керек Стратегия табигый кырсыктардын кесепеттеринен финансылык коргоо системасын түзүүнү, тобокелдиктерди баалоо механизмдерин өркүндөтүүнү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн кошумча каржылоо булактарын тартууну карайт Документти ишке ашыруу үчүн жылдарга эки жылдык иш-чаралардын планы, ошондой эле мониторинг жана жыйынтыктарды баалоо системасы бекитилди Стратегияны ишке ашырууга министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартылат. Алар пландаштырылган иш-чаралардын аткарылышы боюнча квартал сайын Каржы министрлигине отчет берип турушат Министрлер кабинети жаңы ыкма табигый кырсыктан кийин каражат издөөгө эмес, жабыркаган аймактарды жана инфраструктураны тез арада калыбына келтирүү үчүн финансылык инструменттерди алдын ала даярдоого мүмкүндүк берет деп күтөт Токтом жети күндөн кийин күчүнө кирет


