Соң-Көлдө бир чакырымдан ашык мыйзамсыз балык уулоочу торлор кармалды (видео)
«Соң-Көл балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Соң-Көлгө рейд жүргүзүп, анын жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган 1,2 чакырымга жакын балык уулоочу торлор алынды Ишканадан билдиришкендей, рейддик иш-чаралар 2-июндан 7-июнга чейин болуп, алардын максаты балык ресурстарын сактоо жана көлдүн

«Соң-Көл балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Соң-Көлгө рейд жүргүзүп, анын жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган 1,2 чакырымга жакын балык уулоочу торлор алынды Ишканадан билдиришкендей, рейддик иш-чаралар 2-июндан 7-июнга чейин болуп, алардын максаты балык ресурстарын сактоо жана көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу болгон Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер тарабынан мыйзам бузуу менен орнотулган синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталып, акваториядан чыгарылды Мамлекеттик ишкана мындай чаралар биологиялык ресурстарды коргоого, суу сактагычтын экологиялык абалын жакшыртууга жана анын мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталганын белгиледи Соң-Көлдү мыйзамсыз балык уулоочу куралдардан тазалоо иштери уланууда
Diğer Haberler

ДИСК-АР: Жумушчу табынын 889 миллиард 991 миллион лира эмгек акысы эриди! | T24

Ресторандагы тейлөө акысы шок: Министрлик айып пул салды
