Ысык-Көлдө кол күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды
8-июнда Ысык-Көл районунун Корумду курорт айылында армрестлинг боюнча чоңдор жана өспүрүмдөр арасында 24-Азия чемпионаты, ошондой эле пара-армрестлинг боюнча 23-Азия чемпионаты старт алды Ачылыш аземге КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана Мамлекеттик дене тарбия ж

8-июнда Ысык-Көл районунун Корумду курорт айылында армрестлинг боюнча чоңдор жана өспүрүмдөр арасында 24-Азия чемпионаты, ошондой эле пара-армрестлинг боюнча 23-Азия чемпионаты старт алды Ачылыш аземге КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышты Урмат Асанбаев өз сөзүндө Кыргызстанда кол күрөшү боюнча Азия чемпионатын өткөрүү өлкө үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Ал белгилегендей, мелдеш спортчулардын чексиз мүмкүнчүлүктөрүн дагы бир жолу көрсөткөн маанилүү аянтча катары кызмат кылат. Ошондой эле бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалап, мындай эл аралык турнирлер спорт аркылуу достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана биримдикти чыңдоого жардам берерин белгиледи Чемпионатка Азиянын 20 өлкөсүнөн спортчулар катышууда. Мелдеш 14-июнга чейин уланат
Diğer Haberler

Стерлинг 61,75 лирадан, евро 53,45 лирадан, доллар 46,35 лирадан сатылууда - Havadis гезити | Кипр жаңылыктары

За удобство приходится платить. Почему вместе с новыми сервисами выросли и тарифы на госуслуги на Акчабаре
