Ысык-Көлдө селден кийин дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө уланууда (видео)
Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында селден кийин дайынсыз жоголгон 8-класстын окуучусу өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди Ведомстводон билдиришкендей, 7-июнь саат 13:00гө карата селдин кесепеттерин жоюу иштери күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жеринде ж

Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында селден кийин дайынсыз жоголгон 8-класстын окуучусу өспүрүмдү издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди Ведомстводон билдиришкендей, 7-июнь саат 13:00гө карата селдин кесепеттерин жоюу иштери күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жеринде жалпысынан 159 адам жана 39 техника тартылган Алардын ичинен ӨКМден 87 куткаруучу жана 19 техника тартылган ӨКМдин суучулдары издөө-куткаруу иштерин улантууда. Алар бир моторлуу кайык жана бир кеме менен дайынсыз жоголгон адамды, анын ичинде көлдүн астынан издеп жатышат Мындан тышкары, куткаруучулар технология жана башка ыкмалар менен издөө иштерин жүргүзүүдө Ошондой эле селдин кесепеттерин жоюуга Ысык-Көл облусунун жарандык коргонуу кызматтарынан 50 адам жана 20 инженердик техника тартылган. Окуя болгон жерде Ички иштер министрлигинин 20 кызматкери жана тез жардам кызматынын эки кызматкери иштеп жатат ӨКМ билдиргендей, ведомствонун жана жарандык коргонуу кызматтарынын техникаларынын жардамы менен 198 рейс аткарылып, 2 миң 970 метр куб сел суулары тазаланган Алар кошумча маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалашты


