Ысык-Көлдө көлдүн жээги жана түбү таштандылардан жана браконьерлердин торунан тазаланды
Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түп жана Ысык-Көл райондорунда болуп, Ысык-Көлдүн жээгин жана түбүн тазалоо боюнча экологиялык акцияларга катышты Алгач Маматалиев Жогорку Кеңештин депутаттары, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары жана жаштар менен биргеликте жээкти т

Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түп жана Ысык-Көл райондорунда болуп, Ысык-Көлдүн жээгин жана түбүн тазалоо боюнча экологиялык акцияларга катышты Алгач Маматалиев Жогорку Кеңештин депутаттары, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары жана жаштар менен биргеликте жээкти тазалоого катышты. Андан соң акциянын катышуучулары сууга чумкуп, флора жана фаунага коркунуч жараткан таштандыларды көлдүн түбүнөн чыгарышты Марлен Маматалиев белгилегендей, Ысык-Көл уникалдуу жаратылыш мурасы «Тилекке каршы, акыркы убакта көлдүн жээгинде эле эмес, түбүндө таштандылар көбөйүп, өзгөчө мыйзамсыз орнотулган синтетикалык балык уулоочу торлор экосистемага олуттуу зыян келтирүүдө.Бул сырттан байкалбаганы менен булгануу биоартүрдүүлүктүн азайып, балыктардын кырылышына жана бүгүнкү күндө бул балансыбыздын бузулушуна алып келүүдө. Биз көп сандагы таштандыларды жана синтетикалык торлорду таптык», - деди ал Спикердин айтымында, акыркы үч жылда мамлекет башчысы бул көйгөйгө өзгөчө көңүл буруп, анын ичинде тиешелүү жарлыкка кол койду «Президент Ысык-Көлгө кам көрүүгө ар дайым чакырып келет.Абал чындап эле өтө кооптуу.Тактап айтканда, көлдүн түбүнөн 6 миң километрге жакын браконьердик торлор табылды, бул Каракол шаарына 15 жолу барууга барабар. Тор менен мыйзамсыз балык уулоо үчүн айыптар көбөйтүлүп, тор салгандар түрмөгө кесилиши мүмкүн», - деди Маматалиев Ал ошондой эле акция экологиялык көйгөйлөрдүн алдын алууга багытталганын баса белгилеп, жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды «Ысык-Көлдүн тазалыгын сактап, келечек муунга өткөрүп берүү биздин жалпы милдетибиз, жерин, элин сүйгөн адам мындай аракеттерге жол бербеши керек», - деди ал Акциянын жүрүшүндө депутат Адилет Белеков тазалыкка кам көрүү ар бир жарандан башталышы керектигин айтты. Депутат Улан Сариев экологиялык көйгөй көлдүн жээгинде эле эмес, түбүндө да байкалып жатканын, андыктан мындай демилгелерди улантуу керектигин белгиледи Депутат Темирлан Айтиев өлкөнүн туризминин өзөгү болгон Ысык-Көлдүн жаратылышын коргоо келечекке болгон салым экенин белгиледи. Төраганын орун басары Болот Ибрагимов тазалыкка гана эмес, алдын алуу иш-чараларына да биринчи кезекте көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Депутат Токтобүбү Ашымбаева бул акция жалпы коомчулукту өлкөнүн тазалыгына кам көрүүгө чакырык экенин кошумчалады Маалым болгондой, Марлен Маматалиев баштаган депутаттар тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасынын суу объектилерин коргоону күчөтүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

