Коргоо министрлигинин башчысы Гаитиде барымтага алынды - ФОТО
Гаитинин Коргоо министрлигинин штаб башчысы Жеймс Боярд Порт-о-Пренстин борборунда белгисиз куралчан адамдар тарабынан барымтага алынган. Бул тууралуу 13-июнда Associated Press (AP) өз булагына таянып билдирди «Гаитиде куралчан адамдар Коргоо министринин кеңсесинин директору, коопсуздук боюнча өтө

Гаитинин Коргоо министрлигинин штаб башчысы Жеймс Боярд Порт-о-Пренстин борборунда белгисиз куралчан адамдар тарабынан барымтага алынган. Бул тууралуу 13-июнда Associated Press (AP) өз булагына таянып билдирди «Гаитиде куралчан адамдар Коргоо министринин кеңсесинин директору, коопсуздук боюнча өтө кадыр-барктуу эксперт, ошол эле учурда Гаити полициясынын башкы инспектору Жеймс Боярдды барымтага алышты», - деп жазат басылма АП агентствосунун билдиргенине Караганда, Боярд 11-июнда, бейшембиде Порт-о-Пренстин Бурдон районунда колго түшүрүлгөн. Бул квартал Гаити баш калаасында бир нече салыштырмалуу коопсуз кварталдардын бири болуп эсептелет. Агенттиктин маалыматы боюнча, Порт-о-Пренстин 70% Вив Ансанм деп аталган кылмыштуу альянстын көзөмөлүндө Окуянын чоо-жайы азырынча айтыла элек. Ошондой эле барымтачылардын мүмкүн болуучу талаптары тууралуу маалымат болгон жок. AP агенттигинин маалыматына караганда, Боярд өлкөнүн коопсуздук боюнча эң белгилүү эксперттеринин бири болуп эсептелет. Ал Гаитинин Куралдуу Күчтөрүн калыбына келтирүү аракеттерине катышкан жана укук коргоо органдарын реформалоонун бир бөлүгү катары улуттук полициянын ишине баа берген


