Дүйнө чемпионатында расизм боюнча даттануулар үчүн атайын ишарат киргизилет -
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда оюнчулар атайын ишарат аркылуу калыстарга расизм тууралуу кабарлай алышат. Мындай белгиден кийин калыстардан жооп процедурасын баштоо талап кылынат, ал өзгөчө учурларда беттештин токтотулушуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу ФИФА билдирди Анын айтымында, «Расизмг

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда оюнчулар атайын ишарат аркылуу калыстарга расизм тууралуу кабарлай алышат. Мындай белгиден кийин калыстардан жооп процедурасын баштоо талап кылынат, ал өзгөчө учурларда беттештин токтотулушуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу ФИФА билдирди Анын айтымында, «Расизмге жол жок» өнөктүгүнүн алкагында жер-жерлерде дискриминацияга жооп кайтаруунун жаңы механизми киргизилүүдө. Калыстын көңүлүн расисттик окуяларга буруу үчүн оюнчулар колдорун X формасында кайчылаша алышат Мындай сигналдан кийин үч этаптуу процедура башталат. Биринчиден, беттеш убактылуу токтотулушу мүмкүн, андан кийин кемсинтүүлөр улана берсе, 15 мүнөткө токтотулушу мүмкүн. Окуялар токтобосо, оюн толугу менен токтотулушу мүмкүн Уюм жаңы чара дискриминацияга каршы күрөштү күчөтүүгө жана оюнчуларды коргоого багытталганын баса белгилейт. Бул турнир учурунда расизмдин ар кандай көрүнүштөрүнө тез чара көрүү куралы болуп калат

