Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Барскоон-Бедел унаа жолунда эки тоннель жана эстакадалык көпүрө курулууда

Барскоон-Бедел автожолунун бүткүл узундугуна (болжол менен 161 км) геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр толук бүткөрүлүп, долбоордук документтери даярдалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт министрлиги билдирди Учурда тоннелдерди куруу иштери уланууда. Сөөк жана Ашуу-Суу тоннелдер

0 көрүүknews.kg
Барскоон-Бедел унаа жолунда эки тоннель жана эстакадалык көпүрө курулууда
Paylaş:

Барскоон-Бедел автожолунун бүткүл узундугуна (болжол менен 161 км) геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр толук бүткөрүлүп, долбоордук документтери даярдалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт министрлиги билдирди Учурда тоннелдерди куруу иштери уланууда. Сөөк жана Ашуу-Суу тоннелдеринде кен казуу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары көпүрөнүн курулуштарын куруу үчүн үймөктөрдү тегуу иштери жүргүзүлүүдө Курулуштун жүрүшүндө Карасай дарыясына узундугу 60 метр болгон убактылуу көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Бул объект курулуш иштерин жана жергиликтүү калктын кыймылын жеңилдетүүгө жардам берген Долбоордун алкагында автомобиль жолун, 50дөн ашык көпүрөлөрдү, эки тоннелди, ошондой эле башка коргоо инфраструктуралык курулуштарын куруу каралган. Объектте 1100дөн ашык жумушчу иштейт; жакынкы келечекте алардын санын 1500—2500 адамга чейин кебейтуу пландаштырылууда Негизги курулуш техникасы алынып келинди, кошумча жабдууларды алып келүү уланууда. Ошондой эле бетон заводдору, майдалоочу комплекстер жана убактылуу ендуруштук базалар ишке киргизилди Жалпысынан долбоор бекитилген графикке ылайык ишке ашырылууда Негизги курулуш иштерин бүтүрүү 2029-жылга, ал эми объектти ишке киргизүү 2030-жылга пландалууда

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler