ЭВФ: Глобалдык экономикадагы кырдаал жагымсыз сценарий менен коштолду
Эл аралык валюта кору (ЭВФ) дүйнөлүк экономикадагы кырдаалга пессимисттик көз карашта Бул тууралуу РИА Новости билдирди Фонддун коммуникациялар боюнча директору Жули Козак айткандай, дүйнөлүк экономикадагы кырдаал жагымсыз сценарий боюнча өнүгүп жатат. Буга Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин нормалду

Эл аралык валюта кору (ЭВФ) дүйнөлүк экономикадагы кырдаалга пессимисттик көз карашта Бул тууралуу РИА Новости билдирди Фонддун коммуникациялар боюнча директору Жули Козак айткандай, дүйнөлүк экономикадагы кырдаал жагымсыз сценарий боюнча өнүгүп жатат. Буга Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин нормалдуу өтүшүнө тоскоол болгон Жакынкы Чыгышта уланып жаткан чыңалуу себеп болгон Натыйжада мунайдын баасы жогору бойдон калууда жана инфляциялык басым күчөйт Буга чейин ЭВФ дүйнөлүк экономиканын абалы жана анын келечеги тууралуу бир нече жолу караңгы билдирүүлөрдү жасаган. Ошентип, марттын аягында ал АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу глобалдык жана асимметриялык шок менен коштолуп жатканын эскертти, бул мурунку кризистерден араң чыга алган экономикалардын келечегин начарлатат


