Белгисиз жерге таштанды ыргыткан жаранга айып пул салынды (фото)
Константиновка айылында такталбаган жерге тиричилик таштандыларын ыргыткан жергиликтүү тургунга айып салынды. Бул тууралуу КР Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Таштандыларды төгүп жатканына адегенде башка жергиликтүү тургундар да арызданышкан. Экологиялык жана техникалы

Константиновка айылында такталбаган жерге тиричилик таштандыларын ыргыткан жергиликтүү тургунга айып салынды. Бул тууралуу КР Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Таштандыларды төгүп жатканына адегенде башка жергиликтүү тургундар да арызданышкан. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузууну тастыкташкан Кылмышка шектүү М.Н.га карата протокол түзүлдү. жана административдик айып салынды. Мындан тышкары, мыйзам бузуучу өз күчү менен ыргытылган таштандыларды толугу менен чыгарып, аймакты талаптагыдай санитардык абалга келтирген Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоого жана таштандыларды атайын бөлүнгөн жайларга гана таштоого чакырат. Ал эми мындай мыйзам бузуулар үчүн 23 миң сомго чейин айып пул каралганын эске салат


