Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Короосуна сейрек кездешүүчү өсүмдүктүн тамырын жайып салган адам айыпка чуркады (фото)

Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын облустук башкармалыгынын инспекторлору УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте үйүнүн короосунда сейрек кездешүүчү эндик өсүмдүгүнүн тамырын кургатып жаткан Нарын шаарын

0 көрүүkaktus.media
Короосуна сейрек кездешүүчү өсүмдүктүн тамырын жайып салган адам айыпка чуркады (фото)
Paylaş:

Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын облустук башкармалыгынын инспекторлору УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте үйүнүн короосунда сейрек кездешүүчү эндик өсүмдүгүнүн тамырын кургатып жаткан Нарын шаарынын тургунун аныкташты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Дагы жаңылыктар жана видеолор Kaktus.media Telegram каналында Маалыматка ылайык, текшерүүдө кургатылган эндика тамырынын жалпы салмагы 54 кг 650 граммды түзгөн «Мыйзамдын талаптарына ылайык, мыйзамсыз чогултулган өсүмдүк материалдары толугу менен конфискацияланып, Эреже бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде жаранга 10 миң сом айып салынды», - деп айтылат маалыматта Бөлүм эндик өлкөнүн сейрек кездешүүчү жана баалуу жаратылыш ресурстарынын бири экенин белгиледи Өлкөдө аны чогултууга мораторий киргизилген жана бул өсүмдүктү мыйзамсыз казып алуу же сатып алуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келет Эндиктин дарылык касиети бар. Анын тамыры элдик медицинада да, салттуу медицинада да колдонулат. Эндик тоо экосистемаларында экологиялык тең салмактуулукту сактоого жардам берет жана топурактын эрозиясын алдын алат

Kaynak: kaktus.media

Diğer Haberler