Энергияга таштанды. Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү ишкананы кеңейтүү үчүн капсула салынды
Бүгүн, 11-июнда Бишкекте электр энергиясын өндүрүү менен катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүү боюнча экотехнологиялык заводдун экинчи этабын курууга капсула салуу салтанаттуу аземи болуп өттү Салтанатка министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев, шаар мэри Айбек Жунушалиев, Кытай Эл

Бүгүн, 11-июнда Бишкекте электр энергиясын өндүрүү менен катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүү боюнча экотехнологиялык заводдун экинчи этабын курууга капсула салуу салтанаттуу аземи болуп өттү Салтанатка министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев, шаар мэри Айбек Жунушалиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, «Junxin Huanbao KG Invest» компаниясынын директору Дай Даогуо жана башкалар катышты Долбоордун экинчи этабы суткасына 2000 тоннага чейинки экотехнологиялык заводдун экинчи блогун жана кубаттуулугу 60 МВт заманбап энергетикалык комплексти курууну камтыйт. Объект ишке берилгенден кийин жылына 307 миллион кВт саат электр энергиясын иштеп чыгуу болжол менен 100 миңге жакын үйдү электр энергиясы менен камсыз кылат Долбоор жылуулук калдыктарын кайра иштетүүнүн заманбап технологияларын жана эл аралык экологиялык стандарттарга жооп берген көп баскычтуу эмиссияны тазалоо системасын колдонуу менен ишке ашырылууда Экотехнологиялык завод толук кубаттуулукка чыккандан кийин суткасына 3000 тоннага чейин катуу таштандыны кайра иштетип, 90 МВт электр энергиясын өндүрө алат Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө Бишкекте электр энергиясын өндүрүү менен катуу таштандыларды кайра иштетүү боюнча экотехнологиялык заводдун биринчи этабынын алкагында 1500 тоннадан ашык таштанды кайра иштетилүүдө


