Мугалимдер үчүн ден соолукту чыңдоочу окуу борборун куруу пландалууда
Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында педагогдор үчүн 500 орундуу ден соолукту чыңдоочу окуу борборун куруу пландалып жатат. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында "Кабар" агенттигине билдирди Анын айтым

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында педагогдор үчүн 500 орундуу ден соолукту чыңдоочу окуу борборун куруу пландалып жатат. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында "Кабар" агенттигине билдирди Анын айтымында, бул жылы билим берүү уюмдарынын иши жана бюджети эң биринчи кезектеги өтө маанилүү милдеттерди чечүүгө, анын ичинде авариялык абалдагы мектептердин жана курулушу жүрүп жаткан мектептердин курулушун аягына чыгарууга багытталган Эске салсак, бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында бир күнүн ЖМК өкүлдөрү менен бирге өткөрүп, ведомство башчысынын жумуш күнү кандай өтөрүн көрсөтүүдө

