Омар Булут: “Турак жай саясаты – социалдык адилеттүүлүктүн жана туруктуу өнүгүүнүн борбору”
“Турак жай саясаты – социалдык адилеттүүлүктүн жана туруктуу өнүгүүнүн борбору” Бул тууралуу Түркиянын Айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министринин орун басары Өмер Булут WUF13 алкагында өткөн “Социалдык инклюзия жана жакырчылыкты жоюу үчүн турак-жай менен камсыздоо” талкуу

“Турак жай саясаты – социалдык адилеттүүлүктүн жана туруктуу өнүгүүнүн борбору” Бул тууралуу Түркиянын Айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министринин орун басары Өмер Булут WUF13 алкагында өткөн “Социалдык инклюзия жана жакырчылыкты жоюу үчүн турак-жай менен камсыздоо” талкуусунда билдирди Ал өз сөзүндө Азербайжан өкмөтүнө жана БУУнун жайгаштыруу программасына (БУУ-Хабитат) ыраазычылык билдирип, Түркиянын тез урбандашуу процессинен өтүп жатканын, бул социалдык интеграция, турак-жай жана шаар куруу жаатында олуттуу кыйынчылыктарды жаратканын белгиледи Булут Түркиянын 85 миллион калкы бар өлкө катары Азия менен Европаны бириктирген стратегиялык позицияга ээ болгонун жана бул процесстин шаарлардын ылдам өсүүсүнө себеп болгонун айтты. Анын айтымында, акыркы 20 жылда ишке ашырылган мамлекеттик саясаттын натыйжасында турак-жай маселеси жарым-жартылай чечилди “Турак жай – бул бир гана шаар куруу маселеси эмес, ал социалдык адилеттүүлүккө, өнүгүүгө, адамдын кадыр-баркына жана адам укуктарына негизделген мамлекеттик саясаттын борбору”, - деди ал Министрдин орун басары Түркияда турак жай курулушунун 85 пайызга жакыны жеке сектор тарабынан жүргүзүлсө, бул процесстин 15 пайызга жакынын мамлекет камсыздай турганын кошумчалады. Ал белгилегендей, акыркы 20 жылда 1 миллион 750 миңден ашык социалдык турак-жай курулуп, 7 миллиондон ашык жаран коопсуз жашоо менен камсыз болгон Булут социалдык турак жай долбоорлорунун бир гана үй курууга эмес, коомчулуктун маданиятына туура келген, жаратылыш менен шайкеш келген жана социалдык интеграцияны бекемдеген жашоо чөйрөсүн түзүүгө багытталганын да баса белгиледи Сөзүнүн аягында Түркиянын келечектеги максаты дагы туруктуу, климатка ылайыктуу жана инклюзивдүү шаарларды куруу экенин белгиледи


