Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Эл аралык эмгек уюму Түркмөнстандын пахта талааларында балдардын саны көбөйгөнүн каттады

Эл аралык эмгек уюмунун байкоочулары Түркмөнстанда 2025-жылы пахта терүүгө катышкан балдардын саны көбөйгөнүн белгилешти, деп билдирет Turkmen.news эксперттик отчетко таянуу менен 2024-жылдан бери өлкөдө пахта талааларында балдардын эмгегин колдонууга мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан

0 көрүүazattyqasia.org
Эл аралык эмгек уюму Түркмөнстандын пахта талааларында балдардын саны көбөйгөнүн каттады
Paylaş:

Эл аралык эмгек уюмунун байкоочулары Түркмөнстанда 2025-жылы пахта терүүгө катышкан балдардын саны көбөйгөнүн белгилешти, деп билдирет Turkmen.news эксперттик отчетко таянуу менен 2024-жылдан бери өлкөдө пахта талааларында балдардын эмгегин колдонууга мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан, “ак алтын” плантацияларында иштөөгө мажбурланган өспүрүмдөрдүн саны көбөйгөн Респонденттердин бардык категориялары мыйзам бузуулар тууралуу айтышты. Алсак, сурамжылоого катышкан чоңдордун 20%ы ушундай деп айтышса, 2024-жылы 11% жарандар айыл чарба жерлеринде жашы жете электердин бар экенине даттанышкан. Дыйкандар боюнча статистика үрөй учурарлык көрүнөт – балдардын пахта терип жатканын байкагандардын саны эки эсеге көбөйдү – 17%дан 34%га чейин ЭЭУнун байкоочулары талаа сапарларынын 38 пайызында өспүрүмдөрдүн талаада жүргөнүн катташса, 2024-жылы бул көрсөткүч 23 пайызды түзгөн. Айрыкча Дашөгүз велаятында жашы жете элек пахтачылар текшерилген талаалардын дээрлик 60%ында балдар эмгегине тыюу салган мыйзамдын сакталышы боюнча абал начар Эл аралык укук коргоо уюмдары Түркмөнстанды пахта өндүрүүдө мажбурлап жана балдар эмгегин колдонуп жатат деп сындап келишет. Буга карабастан түркмөн балдары жыл сайын түшүм жыйноого катышат. Байкоочулар мунун себептеринин бири Түркмөнстандагы үй-бүлөлөрдүн көбүнүн жашоо деңгээлинин начарлашы деп эсептешет, алар дайыма кымбаттаган баанын шартында балдарынын жардамына кайрылууга аргасыз болушат Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler