Москванын борборунда мобилдик интернетке чектөөлөр күчүнө кирди
Москванын борборунда мобилдик интернетке чектөөлөр күчүнө кирди Москванын борбордук райондорунда коопсуздук чараларынан улам мобилдик интернет өчүрүлгөнүн АПАнын орусиялык бюросу билдирди. Ошол эле учурда SMS билдирүүлөрдү кабыл алуу жана жөнөтүү кызматына чектөө киргизилген Чектөөлөр Москванын бо

Москванын борборунда мобилдик интернетке чектөөлөр күчүнө кирди Москванын борбордук райондорунда коопсуздук чараларынан улам мобилдик интернет өчүрүлгөнүн АПАнын орусиялык бюросу билдирди. Ошол эле учурда SMS билдирүүлөрдү кабыл алуу жана жөнөтүү кызматына чектөө киргизилген Чектөөлөр Москванын борбордук райондоруна гана тиешелүү. Борбордон тышкары аймактарда мобилдик интернет өчүрүлгөн эмес Белгилей кетсек, Москвада 9-майда Кызыл аянтта өтүүчү парадга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Кремлдин айланасындагы көчөлөр жана метро станциялары жабылды. Москва метросунун Кызыл аянтта жайгашкан 12 станциясына жана ага жакын аймактарга кирүү-чыгууга чектөө киргизилди. Чектөөлөр жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00гө чейин күчүндө болот


