Москвада мобилдик интернет өчүрүлдү
5-9-май күндөрү Орусиянын борбору Москвада “Жеңиш майрамы” иш-чараларынын алдында уюлдук интернет жана СМС кызматтары өчүрүлгөн Бул тууралуу кечээ өлкөнүн телекоммуникациялык компаниялары абоненттерине кабарлашканын 525.az чет элдик ЖМКларга шилтеме берүү менен билдирди. Шаар тургундары “ак тизме”

5-9-май күндөрү Орусиянын борбору Москвада “Жеңиш майрамы” иш-чараларынын алдында уюлдук интернет жана СМС кызматтары өчүрүлгөн Бул тууралуу кечээ өлкөнүн телекоммуникациялык компаниялары абоненттерине кабарлашканын 525.az чет элдик ЖМКларга шилтеме берүү менен билдирди. Шаар тургундары “ак тизме” деп аталган айрым интернет кызматтарына гана кире алышкан Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков чектөөлөр коопсуздук чарасы катары киргизилгенин билдирди Ошол эле учурда Украинада соңку убакта Москваны бутага алган учкучсуз учактардын чабуулдары көбөйүп, кечээ шаардын борборундагы көп кабаттуу имаратка учкучсуз учактар менен сокку урулду. Бүгүн Орусиянын Коргоо министрлиги ар кайсы аймактардын, анын ичинде Москванын үстүнөн 289 украиналык учкучсуз учакты атып түшүргөнүн жарыялады

