Москва Армениядагы шайлоолорго тынчсызданууда
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Армениядагы негизги оппозициялык күчтөрдү парламенттик шайлоого катыштырбоо мүмкүнчүлүгү шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек туудурушу мүмкүн экенин билдирди Бул тууралуу Мария Захарова өзүнүн брифингинде билдирди Анын айтымында, Москва

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Армениядагы негизги оппозициялык күчтөрдү парламенттик шайлоого катыштырбоо мүмкүнчүлүгү шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек туудурушу мүмкүн экенин билдирди Бул тууралуу Мария Захарова өзүнүн брифингинде билдирди Анын айтымында, Москва Армениядагы оппозициялык ири саясий күчтөрдүн парламенттик шайлоого катышуудан четтетилгени тууралуу маалыматка тынчсызданууда Захарова өлкөдө шайлоо алдындагы саясий атаандаштыктын ордуна демократиялык процедураларга каршы күрөш жүрүп жатканын билдирди Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы ошондой эле “Күчтүү Армения” кыймылы менен “Гүлдөгөн Армения” партиясын шайлоодон четтетүү мүмкүнчүлүгүн сынга алды «Бул демократияга каршы кылмыш болмок», - деди Захарова


