Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын модернизациялоо: 41 жаңы техника ишке киргизилди -
Энергетика министрлиги энергетика тармагын модернизациялоо жана өлкөнүн инфраструктуралык потенциалын чыңдоо боюнча иш-чараларды ырааттуу ишке ашырууда. Бул иштин алкагында 41 атайын техниканын расмий түрдө берилиши ишке ашты Иш-чара министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу чарба, айыл

Энергетика министрлиги энергетика тармагын модернизациялоо жана өлкөнүн инфраструктуралык потенциалын чыңдоо боюнча иш-чараларды ырааттуу ишке ашырууда. Бул иштин алкагында 41 атайын техниканын расмий түрдө берилиши ишке ашты Иш-чара министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков менен энергетика министри Таалайбек Ибраевдин катышуусунда өттү. Берилген жабдуулар тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана энергетикалык инфраструктуранын туруктуулугун жогорулатууга багытталган «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен 181,6 млн сомго адистештирилген жабдуулар сатылып алынды. Келечекте ал республика боюнча электр тармактарынын ишканалары-на белунет. Жеткирүү экскаваторлорду, гидравликалык көтөргүчтөрдү, жүк ташуучу тракторлорду, чиркегичтерди жана оперативдүү топтор үчүн унааларды камтыйт Иш-чаранын жүрүшүндө Эрлист Акунбеков жаңы адистештирилген жабдуулар менен таанышып, анын электр тармактарынын ишенимдүү иштешин камсыз кылууда, ошондой эле авариялык кырдаалдарды тез арада жоюудагы маанилүү ролун белгиледи. Мындан тышкары, энергетика тармагында ишке ашырылып жаткан санарип долбоорлору тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда, чиновник дата-борборго барып, анын техникалык мүмкүнчүлүктөрү, учурдагы ишмердүүлүгү жана мындан аркы өнүгүү келечеги менен таанышты Жаңы жабдуулар энергетикалык объектилерди капиталдык куруу жана реконструкциялоо боюнча иштерди өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө, авариялык кырдаалдарды тез арада жоюуга, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана бөлүштүрүүчү тармактардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет Мындан тышкары, 2026-жылы кран-манипуляторлор орнотулган дагы сегиз техниканы сатып алуу пландаштырылууда, бул жаңыланган жабдуулардын жалпы санын 49 бирдикке жеткирет Эскерте кетсек, 2025-жылы энергетика тармагын чыңдоо максатында республика боюнча 379,1 миллион сомго 140 даана атайын техникалар сатылып алынып, электр тармактар ишканаларына бөлүштүрүлгөн


