Кыргызстандык модель “Шайтан Прада кийет-2” тасмасына тартылды
Кыргызстандык модель Аруна Женбекова “Шайтан Прада кийет-2” тасмасын тартууга катышканын билдирди. Анын айтымында, ал тасманын эл чогулган сахналарынын бирине тартылган Социалдык тармактарда Женбекова тасмага тартуу үчүн 2009-жылдын жазгы коллекциясынан Dolce & Gabbana көйнөгүн тандап алганын бөлүш

Кыргызстандык модель Аруна Женбекова “Шайтан Прада кийет-2” тасмасын тартууга катышканын билдирди. Анын айтымында, ал тасманын эл чогулган сахналарынын бирине тартылган Социалдык тармактарда Женбекова тасмага тартуу үчүн 2009-жылдын жазгы коллекциясынан Dolce & Gabbana көйнөгүн тандап алганын бөлүштү. Модель тартуу аянтына чыгууну каалагандар көп болгонун, бирок катышуучулардын арасында моделдер аз экенин белгиледи. Жыйынтыгында ал тандоодон өткөнгө жетишти "Моделдер көп болгон жок, бирок мен өттүм" деди ал Женбекова ошондой эле тасма тартуу учурунда катышуучуларга телефон колдонууга тыюу салынганын айтты. Бул тасманын майда-чүйдөсүнө чейин интернетке чыгып кетпеши үчүн жасалган Анын айтымында, ал жеринде сүрөткө тартып алган күндө да келишимдин шарттарына байланыштуу аларды жарыялай албайт 1-майда The Devil Wears Prada 2 тасмасынын дүйнөлүк бет ачары болду

