MIT Хомейни тууралуу жашыруун документти жарыялады - ФОТО
Түркиянын чалгын кызматы Ирандын руханий лидери Рухулла Хомейни тууралуу өтө жашыруун документти жарыялады Modern.az сайты Улуттук чалгындоо уюму (MIT) 1964-жылдын 11-ноябрындагы «өтө жашыруун» документти жарыялаганын билдирди Документте Иран революциясынын лидери Рухулла Хомейнинин Түркияда сүр

Түркиянын чалгын кызматы Ирандын руханий лидери Рухулла Хомейни тууралуу өтө жашыруун документти жарыялады Modern.az сайты Улуттук чалгындоо уюму (MIT) 1964-жылдын 11-ноябрындагы «өтө жашыруун» документти жарыялаганын билдирди Документте Иран революциясынын лидери Рухулла Хомейнинин Түркияда сүргүндө жүргөн мезгили сүрөттөлөт Документте: "Ирандык конок Түркияга келди жана анын Бурсадагы жатаканасы уюштурулду. Коноктун жашаган жери жана башка маселелер Бурса Миграция департаменти тарабынан жеке чечилет. Бул боюнча бардык керектүү көрсөтмөлөр Бурса Миграция башкармалыгына жазуу жана оозеки түрдө жеткирилди. Коноктун бардык шифрленген каттарында "белли" псевдоними колдонулат", - деп айтылат маалыматта. ошол убакта Белгилей кетсек, Хомейни шах режими учурунда Иранда кармалгандан кийин 1964-жылы 4-ноябрда уулу Мустафа менен бирге Түркияга сүргүнгө айдалган. Алгач Анкарага алынып келинип, ал жерде бир аз калгандан кийин 7 ай МИТтин көзөмөлүндө Бурсада жашаган Маалыматка ылайык, Хомейни Бурсадагы фарси тилин билген MIT кызматкери, полковник Али Четинердин үйүндө калган


